Кызыл-Кыялык үлгүлүү студент эл аралык археологиялык экспедицияга катышкан

Кызыл-Кыялык үлгүлүү студент эл аралык археологиялык экспедицияга катышкан

Билим АКИpress - Билим АКИpress өлкөнүн аймактарындагы таланттуу, өнөрлүү окуучулар менен тааныштырууну баштайт. Биздин алгачкы каарманыбыз — Кызыл-Кыялык Залкар Кудаяров.

21 жаштагы Кудаяров Залкар Кызыл-Кыя Педагогикалык институтунда жогорку билим алып жатат. Ал окуудагы жетишкендиктери менен чектелбей, институттун жана шаардын коомдук маданий иш-чараларына активдүү катышат.

Үлгүлүү студент дебаттарга жана интеллектуалдык оюндарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп, өзү билим алып жаткан окуу жайын таанытып келет. Ошондой эле, «Обишир» жана «Селенгур» үңкүрлөрүн изилдөө боюнча эл аралык археологиялык экспедицияга катышкан.

Келечекте Залкар чоң долбоорлорду жаратып, Кыргызстандын туусун бийиктерге көтөрүп, дүйнөгө таанытуу максаты бар экенин белгиледи.

Жазган: Кызыл-Кыя Педагогикалык институтунун 3-курсунун студенти Шохрухжон Асланов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up