Жумгалдык Алтынай — көз жоосун алган сүрөттөрдүн автору

Жумгалдык Алтынай — көз жоосун алган сүрөттөрдүн автору

Билим АКИpress өлкөнүн аймактарындагы таланттуу, өнөрлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — жумгалдык Таалайбек кызы Алтынай.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Таалайбек кызы Алтынай таланттуу окуучулардын бири. Ал адамдын көз жоосун алган сүрөттөрдү тартып, көптөгөн сынактардан алдыңкы орундарды алып келет.

Алтынайдын сөзүнө караганда, анын сүрөткө болгон кызыгуусу 8 жашынан башталган.Ал сүрөттөрдү жөн эле тарта бербестен, аны табышмактуу, сырдуу кылып тартууну жакшы көрөт жана ошондон рахат алат. Жаш сүрөтчү келечекте чоң эмгектерди жаратууну кыялданат.

Жазган: Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Лилия Талантбекова.

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарынан окуучуларды, жаш активисттерди, мугалимдерди ыктыярчы, кабарчы катары кызматташууга чакырабыз. Туруктуу кызматташкан ыктыярчы жана кабарчылар үчүн гонорар төлөнөт.

WhatsApp: 0777 37 46 39.

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up