Каракол шаарындагы мектепте класстын президентин шайлоо болуп, 2 окуучу алдыга чыкты (фото)

Каракол шаарындагы мектепте класстын президентин шайлоо болуп, 2 окуучу алдыга чыкты (фото)

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы №11 мектебинин 3-«В» классында президентти шайлоо болуп, жеңүүчүнү аныктоо экинчи турга калтырылды.

Шайлоого аталган класста билим алган 43 бала катышып, жалаң «5» деген баага окуган 8 окуучу талапкер болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эки окуучу алдыга озуп чыкты.

Ушул жуманын ишемби күнү бирдей добуш алган эки талапкер — Мелисова Дарига жана Курманбаева Эркайымдын бири класстын президенти болуп тандалат.

Аталган класстын жетекчиси Үмүт Сартпаева бул өнөктүк «Менин шайлоочулук укугум» темасындагы класстык сааттын негизинде өтүп, ар бир талапкерге шайлоо алдында программа түзүүгө жана сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгени тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ар бири өз жардамчыларын тандашып, 4 окуучу комиссиянын мүчөсү болсо, 5 окуучу байкоочу болгон. Шайлоодо ар бир окуучуга паспорт жасалып, добушту сатып алуу мыйзамсыз экенин түшүндүрүү иши жүргөн.

«Биз быйыл классыбыздын жаңы президентин шайлай элек болчубуз. Андыктан аны класстык саатта өткөрөлү дедик. Мен балдарга бул өнөктүктү баарыбыз оюн ойноо катары эле кабыл алышыбыз керектигин түшүндүрдүм жана жеңишке ээ болбогон ар бир талапкер капа болбосун деген убадасын алдым. Бирок алардын тандоосу өз көңүлү менен болушу керек эле.

Бул иш-чара «Жарандык тарбиялоо» багытында болуп, окуучулардын болочок жашоосуна даярдык көрүү максатын көздөдү. Бул күнү окуучу окуу процессинен убактылуу чыгып, убактысын кызыктуу өткөрөт. Мектептин жетекчилиги да бизди колдоп, кадимки шайлоо урнасын алып келип берди», - деди Үмүт Сартпаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up