Көлдүк айылындагы окуучулар 86 жыл мурун курулган авариялык мектепке барууга аргасыз (фото)

Көлдүк айылындагы окуучулар 86 жыл мурун курулган авариялык мектепке барууга аргасыз  (фото)

Билим АКИpress - Өзгөндө 86 жыл мурун курулган авариялык абалдыгы мектептин класстык бөлмөлөрү суук болуп, анда 300дөн ашык окуучу билим алууга мажбур болууда.

Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Р.Коңкошев атындагы орто мектеби кейиштүү абалга келип калган. Суук бөлмөлөрдө окуганына кайыл болгон окуучулар мектептин абалынан кооптонушат. Мектептин ичиндеги жаракалардан жана чирип тешилген полдордон ызгаардуу шамал кирип, класстарды суук каптайт.

Мектеп директору 2015-жылдан бери кайрылбаган жери калган эмес. Сооротуу үчүн гана убактылуу жооп алганы менен иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай жатканын мектеп директору Касым Нишанбаев билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектеп жабылсын деген чечим чыккан. Бирок жаңы мектеп салынбай, бул жерде билим алуу кооптуу экенине карабай, окуу уланууда.

«Биз жаңы мектеп салып берүү боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кайрылганбыз. Каттарыбыз мурунку президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев 2018-жылдын планына киргизебиз деп жооп берген эле. Бирок ушул кезге чейин маселе чечилбей келүүдө. Ар бир жаңыланган өкмөт башчыларга кат жолдойбуз. Эч жыйынтык чыкпай жатат. Убактылуу сооротуу үчүн гана жооптор келет. Өкмөт башчы Сапар Исаковго, президентибиз Сооронбай Жээнбековго да кат жаздык. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева да абалыбызды жакшы билет», - деди мектеп директору.

Учурда мектепте 379 окуучу билим алат.

«Мектептин ичиндеги класстар 6 градуска чейин араң жылыйт. Башка мектептерде жылуулук 22 градуска чейин көрсөтүлүп турса, бизде 6 градуска зорго жетет. Чакалап көмүр жагып жатып, жылуулукту 6 градуска жеткиребиз. Мештерибиз дагы эскилиги жетип жылыта албай калган. Мектеп 1932-жылы курулган. Эскилиги жетип, араң турат. Кооптуу экенгине карабай билим берип жатабыз», - деп кошумчалады К.Нишанбаев.

Мектептеги окуучулардын билим алуусуна мектептин сууктугу да таасир бере тургандыгын 8-класстын окуучусу Нуржан Кенже кызы да айтты.

«Биз суук класстарда 5-6 саатка чейин окууга аргасызбыз. Тоңуп калганыбызга карабай билим алып келебиз. Айрым учурда үшүгөнүбүздөн сабактарды да жакшы аткара албайбыз», - деди ал.

Ал эми мектеп мугалимдери катаал шартка карабастан окуучулар райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, президенттин колунан алтын сертификат алгандар да бар экендигин айтып кубанышат.

Мектептеги шыбак, пол жамоо, терезелерди жылуулоо — мугалимдердин кадимки жумушуна айланган. Ар бир мектеп окуучусу жаңы мектептүү болорунан үмүт үзбөй келишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up