Кичи-Кемин орто мектебинде кыргыз тилчи мугалимдер тажрыйба алмашты

Кичи-Кемин орто мектебинде кыргыз тилчи мугалимдер тажрыйба алмашты

Билим АКИpress - Кечээ, 23-январда Кемин районунун Б.Юнусалиев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча мугалимдердин тажрыйба алмашуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзалиева Асылкүл жана башкы адиси Түлөбаева Айнагүл, Кемин районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрайымы Чылабаева Айсалкын жана Кемин районунун жалпы мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Б.Юнусалиев атындагы орто мектебинин тажрыйбалуу алдыңкы мугалимдери интерактивдүү досканы пайдалануу менен ар кандай методдорду колдонуп, ачык сабактарды өткөрүштү.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кемин жергесинен чыккан белгилүү акын Жалил Садыковдун 85 жылдык «Жүрөктө акын элеси» аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү. Таланттуу окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен Ж.Садыковдун чыгармаларынан көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды жана акындын «Адам жана азезил» драмасы коюлду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up