Ак-талаалык окуучу Аскар унаалардын сүрөтүн тартып, аларды коллекциялайт (фото)

Ак-талаалык окуучу Аскар унаалардын сүрөтүн тартып, аларды коллекциялайт (фото)

Билим АКИpress өлкөнүн аймактарындагы таланттуу, өнөрлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — ак-талаалык сүрөтчү Асылбек уулу Аскар.

Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Асылбек уулу Аскар сүрөт тартууга өзгөчө кызыгат. Ал сүрөт тартууну кичине кезинен эле ар кандай чиймелер менен баштаган.

Аскардын айтымында, сүрөт тартуу өнөрү атасынан өткөн. Учурда ал унаалардын сүрөтүн тартып, чогултуп жүрөт. Жыгачтан, пластилинден сөлөкөттөрдү жасоого да кызыгат. Таланттуу окуучу «Алтын түйүн» сынагына катышып, 1-орунду багындырган.

Жазган: Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин кыргыз тилчи мугалими Анара Нусупова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарынан окуучуларды, жаш активисттерди, мугалимдерди ыктыярчы, кабарчы катары кызматташууга чакырабыз.

WhatsApp: 0777 37 46 39.

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up