Кош-Дөбө айылындагы мектепте «Интернеттин убагында китепке орун жокпу?» иш-чарасы өттү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде 9-класстардын окуучулары арасында «Интернеттин убагында китепке орун жокпу?» аталышындагы дебат болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен маалымдашты.

Иш-чарада китеп окуунун мааниси, азыркы учурда окуучулардын китеп окууга кызыкпай, интернет менен гана алек болуп жатканы — көйгөйлүү маселелердин бири экени айтылды. Окуучулар интернеттин пайдалуу, зыяндуу жактарына токтолушуп, китеп окуу сүйлөө маданиятын жогорулатып, жан дүйнөнү байыта турганын белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up