Лейлектиктердин «Дүйшөн агайы»: Гапыр Мадаминов эксперименталдык гимназияны тоскоолдуктарга карабай түптөгөн

Лейлектиктердин «Дүйшөн агайы»: Гапыр Мадаминов эксперименталдык гимназияны тоскоолдуктарга карабай түптөгөн

Билим АКИpress - Билим АКИpress сайтына Абдулашим кызы Кайрыниса Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия-мектебин түзгөн өзүнүн сүйүктүү мугалими жана мектеби тууралуу айтып берди.

«Бүгүн сиздер менен алыскы Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия мектебин түзгөн Гапыр Мадаминов агай-устатым тууралуу айтууну чечтим. Гапыр агай — биздин учурдагы «Дүйшөн агайыбыз». Ал мындан 22 жыл мурун, тактап айтканда 1996-жылы Арка өрөөнүндө түрдүү кыйынчылык, тоскоолдуктарга карабай, №3 эксперименталдык гимназияны ачып, окуучуларга билим бере баштаган. Окуучулардын саны аз, окуу куралдары жетишсиз, окуу имараты начар болуп турса дагы Гапыр агай өз максатынан баш тартпай, билим берүүсүн уланта берген.

Гапыр Мадаминовдун калемине таандык 15тен ашуун китеби бар. Мисалы: «Акыл эмгегинин маданияты», «Ата-энелер сиздер үчүн», «Лейлек жана лейлектиктер тарыхы», «Исхак Раззаков» ж.б.

Аталган мектептин мугалимдери айылдын жаштарына терең билим берүүдө. Биздин «Дүйшөн агайыбыз» 2017-жылы Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан «Эмгек сиңирген мугалим» сыйлыгын алган. Бул — агайымдын 22 жыл талыкпай иштеген эмгегинин жыйынтыгы.

Бүгүнкү күнгө чейин №3 эксперименталдык гимназиянын мугалимдер жамааты элет элинин балдарына акысыз билим берип келе жатышат. Учурда 20 чакты мугалим 200дөй балага талыкпай билим берүүдө.

Гимназиядагы окутуу системасынын өзгөчөлүгү:

1. Жалпы мугалимдер менен биргеликте «Энелер мектеби» уюштурулган. Анда 60 сааттык программа менен энелер окутулуп, жыйынтыгында сынак тапшырышып, бала тарбиясы, билим баалуулугу тууралуу маалымат алышат;

2. Жыл бою иштей турган «Жайкы олимпиадалык мектеп» азыркыга чейин иштеп келет. Жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында өткөн олимпиаданын облустук, республикалык турунда байгелүү орундарды ээлейт. Мисалы: 2016-2017-окуу жылында Темирова Жанара аттуу окуучу республикалык турда орус тили жана адабияты предметинен 1-орунду алды. Даярдаган мугалими – Чынара Токтоназарова;

3. Жылына ЖРТнын жыйынтыгында окуучулардын орточо упайы 160тан жогору болот. Бүтүрүүчүлөрдүн 95%дан көбү ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүндө окушат;

4. Гапыр агайдын окуучу, студенттерге арналган «Акыл эмгегинин маданияты» китеби окуу программасына киргизилип, жума сайын өтүлүшү да гимназиянын ийгиликтеринин бир сыры болуп саналат;

5. Гимназияны бүтүп, ЖОЖдордо окуп жаткан студенттер үчүн «Келечек» фонду ачылганы студенттенр үчүн чоң жардам болору шексиз», - деди Кайрыниса.

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарынан окуучуларды, жаш активисттерди, мугалимдерди ыктыярчы, кабарчы катары кызматташууга чакырабыз.

WhatsApp: 0777 37 46 39.

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up