Кош-Дөбөдөгү мектепте башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү уюштурулган (фото)

Кош-Дөбөдөгү мектепте башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү уюштурулган (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү уюштурулган. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына аталган мектептин башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Абдылдаева айтып берди.

«Мектепте балдарга ысык тамак берүү менен баланын өсүп-өнүгүүсүнө, кабыл алуусуна жакшы шарт түзүлөт. Ар кандай бүткүл дүйнөлүк уюмдар (ВПООН) менен иш алып барып, ашкана керектүү эмеректер: муздаткыч, комфорка, нан бышыруучу мештер, идиш-аяктар менен камсыз болгон. Муну менен гана чектелип калбай, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын эсебинен декабрь айынан бери 2 күн гречка, геркулес боткосу берилип жатат. Мындан сырткары, мамлекеттин эсебинен 2-күнү эт кошулган ысык тамак, нан, булочка, компот берилет. Бир баланын бир күндүк тамагына 10 сомдон бөлүнөт», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up