Ак-Талаа районундагы мектептин китепканасы жаңы китептер менен толукталды (фото)

Ак-Талаа районундагы мектептин китепканасы жаңы китептер менен толукталды (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин китепканасы 25-январда жаңы китептер менен толукталды. Бул тууралуу аталган мектептен маалымдашты.

«Манас» эпосунун 9 вариантын, кыргыз, орус эл жомокторун, манасчылар тууралуу китептерди мектепти мындан 14 жыл мурун бүтүрүп кеткен Кош-Дөбө айылынын тургуну Нусупов Азамат Бакытбекович жеке демөөрчүлүгү менен алып келип, тапшырды.
Ошондой эле, китепкана «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», «Фразеологиялык сөздүк», «Чоюке жана шакирттери» ж.б. китептер менен толукталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up