Келечекте программист болгусу келген Эрлан көп китеп окуп, ыр жазат

Келечекте программист болгусу келген Эрлан көп китеп окуп, ыр жазат

Билим АКИpress өлкө аймактарындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Баткен облусундагы «Ак Чыйыр» билим берүү уюмунда 8-класста билим алып жаткан Алмазбек уулу Эрлан.

Алмазбек уулу Эрлан 2003-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен тарта китеп окууга кызыгып, диний китептерди, балдар энциклопедияларын, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятта мыкты чыгармалары менен таанылган улуу жазуучулардын чыгармаларын калтырбай окуп келет. Анын эң сүйүүктүү жазуучуларынын бири — Чыңгыз Айтматов. Ал улуу жазуучунун чыгармаларын окуу менен биргеликте анын чыгармасындагы көмүскө катылган ойлорго дагы өз алдынча саресеп салып, ой толгойт.

Китеп окууга кызыгуусуна дарыгер болуп эмгектенген энеси Мамараимова Канымбүбү себеп болгон. Анткени энеси Эрланга бала чагынан тарта уктаар алдында жомок китептерди калтырбай окуп берчү. Ошонун натыйжасында Эрландын китеп окууга болгон кызыгуусу ойгонуп, азыркы күндө да тынымсыз китептерди окуп турат. Ушул учурда Эрлан акча табуу сабаттуулугун арттыруучу жана информатикага байланыштуу китептерди окуп турат. Алардын бири «Миллионердин сыры», «Деньги и я» аталышындагы китептер. Ал келечекте программист кесибин аркалап Кыргызстанга жан дилден кызмат кылгысы келет. Эрлан үй-бүлөдө эки бир тууган. Иниси 3-класста билим алат. Атасы Эрлан 12 жашка толгондо кайтыш болуп кеткен.

«Ак Чыйыр» билим берүү уюму быйыл ачылып, ишке берилгендиктен Эрлан бул мекемеге жаңы келген күндөн тарта өзүнүн адептүү жүрүш-турушу менен теңтуштарына үлгү болгонун интернаттын жетекчиси Бакыт Алымбеков айтат. Ошону менен биргеликте маданий иш-чараларда да компьютерде жасала турган иштерди аткарып, мугалимдерге кол-кабыш кылат. Мындан тышкары, 2-чейректи жыйынтыктоо алдында «Ак Чыйыр» билим берүү уюмунун ичинде өткөн «Акыл ордо» интеллектуалдык оюнунда дагы Эрлан 10 катышуучунун арасынан жеңүүчү деп табылып, 1-орунга жетишкен. Эрлан бош убактысында китеп окуп, ыр жазганды жакшы көрөт. Төмөндө анын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазган ыры менен кошо атасы Алмазбекке арнаган ыры сунушталат.

«Чыңгыз Айтматовго»
Жүз жылда бир төрөлөт мындай инсан,
Колунан калемсап ташталбаган.
Даңкталып бүт дүйнөгө чыгармасы,
Жокко эсе Айтматовду тааныбаган, эч бир жан!
Повесттери адамды кызыктырган.
Окуучу китептен көз албаган.
Ак кемеси айланып бир тасмага,
Жада калса башка тилге которулган.
Согуштун убагында тайманбастан,
Тылдагы бүт жумушту так аткарган.
Ошентип дүйнөгө аты чыкты,
Айта берсе Айтматов өчпөс дастан.

«Атам кайда?»
Атам кайда, кетти узак сапарга,
Үйдө олтурам түшүп кайгы-капага.
Атам кайда о дүйнөгө аттанып,
Түшүптүр го капкараңгы кабырга.

Кошумчалай кетсек, «Ак Чыйыр» билим берүү уюму Баткен облусунун Исфана шаарында 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта пайдаланууга берилип, учурда бул интернатта 200гө жакын бала билим алууда.

Жазган: «Ак Чыйыр» билим берүү уюмунун окуу бөлүмүнүн башчысы Темирбек Матаев

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарынан окуучуларды, жаш активисттерди, мугалимдерди ыктыярчы, кабарчы катары кызматташууга чакырабыз.

WhatsApp: 0777 37 46 39.

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up