Окумуштуулар 9 миң жыл мурун жашаган кыздын келбетин калыбына келтиришти

Окумуштуулар 9 миң жыл мурун жашаган кыздын келбетин калыбына келтиришти

Билим АКИpress - Афган университетинин окумуштуулары болжол менен 9 миң жыл мурун жашап өткөн кыздын бетин калыбына келтиришти. Бул тууралуу National Geographic билдирет.

Келбетти калыбына келтирүүгө эндокринолог, ортопед, невропатолог, патологоанатом жана рентгенолог катышкан. Метамикалык алгоритмдерди пайдалануу менен алар компьютердик томографиянын негизинде 3D-принтердин жардамы менен кыздын баш сөөгүн, андан кийин анын бетин калыбына келтиришкен.

Жыйынтыгында окумуштуулар кыздын ээги жана бет сөөгү чоң болгонун аныкташкан. Теринин жана көздүн түсүн окумуштуулар бул аймакта жашаган адамадардын жалпы мүнөздөмөсүнөн келтиришкен. Жашын болсо тиштери боюнча аныкташкан — кыз 18 жаш чамасында болгон. Анын өлүм жагдайларын аныктоо мүмкүн болгон жок.

Радиоуглероддук анализдин жыйынытыгында кыз мезолит доорунун аяк ченинде жашап өткөнү белгилүү болду. Бул доордо адамдар жыйноочулуктан дан эгиндерин өстүрүүгө жана дыйканчылыкка өтө башап, ал цивилизациянын башталышы катары эсептелген. Ошондуктан археологдор кызга Авги (грек тилинен которгондо «таң» же «алгачкы мезгил» дегенди түшүндүрөт) деген ысым ыйгарышты.

Авгинин баш сөөгү 1993-жылы борбордук Грециядагы Теопетра үңкүрүнөн табылган.

ec495e0e0ad4d5d37954273aed73083c

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up