Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар ишемби күнү «Методикалык күн» деп жарыяланды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы ар бир мектептин методикалык бирикмелеринин жетишкендиктерин жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү максатында ар жуманын ишемби күндөрү «Методикалык күн» деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалым болгондой, белгиленген күн боюнча методикалык кабинеттин методисттери ар ишемби күндөрү ар бир мектепте семинар, тренингдерди өткөрүп турушат. Иш-чаранын максаты – мугалимдерди заманбап методикалар менен тааныштыруу, кесиптик жактан өстүрүү, чеберчилигин өркүндөтүү жана жаңы ыкмалары жайылтуу.

«Методикалык күн» иш-чарасынын алгачкы семинары Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдерине өткөрүлүп, ага 20 мугалим катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up