16 жаштагы Бек 4 музыкалык аспапта ойноп, ресторанда иштөөгө да жетишет

16 жаштагы Бек 4 музыкалык аспапта ойноп, ресторанда иштөөгө да жетишет

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — 4 музыкалык аспапта ойногон таластык Бек.

«Мен 2001-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулгам. 9 жашымда Бек Борбиевдин аккордеондо ойногону аябай жакчу. Анан мен дагы Бек Борбиевдей болгум келип, ата-энеме кичинекей аккордеон алдырып, өзүм ар жерин баскылап отуруп тез эле үйрөнүп кеттим. Азыр болсо аябай жакшы ойнойм.

Бир күнү, бир жерден ямаханы көрүп калдым, анан ал дагы кызык болду. Мектепте ямаха бар болгондуктан аракет кылып өз алдымча үйрөнө баштадым, кийинчерээк ата-энем Дубайдан жаңы ямаха сатып беришти. Азыр кандай гана ыр болбосун баарын ойной алам. Ушуну менен эле чектелбестен пианинону дагы үйрөнгүм келип, Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептен бир ай билим алдым. Анан өзүм улантып өздөштүрүп кеттим.

Аспаптарга күнүно 3 саат кетет. Атам менен эжем комузду мыкты чертишкендиктен мен дагы акырындан үйрөнүп жатам. Өзүбүздүн «Ак-Кеме» деген рестораныбыз бар, ал жакта дагы иштейм. Азыр аз-аздан буйрутмалар түшө баштады. Мектептеги ар кандай иш-чараларга ямахада акысыз ойнойм», - деп айтып берди Бек.

Учурда Бек Үсөнбай Акынбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Ал мектепте активдүү, жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын катарын толуктайт. Жакшы көргөн сабактары — математика, физика, орус тили, англис тили. 9 жашынан 14 жашына чейин атактуу бийчи Атай Өмүрзаковдун бийин бийлеп, жаш таланттар сынагына катышкан.

«Келечекте бизнесмен болгум келет. Ата-энемдин ак сүтүн актап, саякатка алып барып кубантсам дейм», - деп кошумчалап өттү ал.

Бек үй-бүлөдө 6 бир туугандын кенжеси.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39.

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up