Ак-Талаадагы мектепте «Мектебим менин эсимде» аттуу семинар-тренинг уюштурулду

Ак-Талаадагы мектепте «Мектебим менин эсимде» аттуу семинар-тренинг уюштурулду

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде «Мектебим менин эсимде» аттуу семинар-тренинг уюштурулду.

Аталган семинарда «Инсандык өнүгүү» клубунун координатору Акылбек уулу Бакай, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүсү, OXFORD, SECOM мектебинин мугалими Гүлсара Мадамидинова, мэриянын алдындагы мектеп президенттеринин төрагасы, №87 мектептин 11-классынын окуучусу, «Керемет холдингдин» негиздөөчүсү Жакшылык Бекназаров, Юридикалык академиянын студенти, Щвецарияда өткөн ООНдун алдында өткөн конференциянын катышуучусу Смайыл уулу Эрлан, Кытайдын Үрүмчү шаарында магистратурада билим алып жаткан Ниязбеков Эгемендер келип акыл-эстин эмгегин өстүрүү, окуучуларды туура багытта, максатта иш алып баруу боюнча семинар-тренинг, конференция, талкууларды өтүштү.

Иш-чараны мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр уюштурушуп, ага айыл өкмөттөн өкүлдөр, айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.

«Заманбап билим алуудагы актуалдуу маселелерге окуучулардын көз карашы» деген илимий теориялык конференцияга 26 окуучу өз алдынча баяндама менен чыгышты. Конференцияда ар бир окуучунун чагылдырган көз караштары: мектепте кездешкен көйгөйлөр, окуучулардын билим алуусуна социалдык көйгөйлөрдүн тийгизип жаткан таасири, уюлдук телефондун окуучуга тийгизген терс таасири, заман талабына ылайык билим алуу, электрондук китептердин болушу, ата-эне, мугалим жана окуучунун тыгыз байланышта иш алып баруусу өңдүү маселелерди айтып өтүштү.

Гүлсара Мадамидиновна өзүнүн семинарында акыл эмгегинин маданияты, ийгиликке кантип жетүү керектиги, ага жетүү үчүн ар бир окуучунун кыялдануусу, ошондой эле тынымсыз билим алып аракеттенүү керектигин айтты. Өзүнүн ийгиликтери, чет мамлекеттерден кантип билим алгандыгы тууралуу окуучулар менен бөлүшө кетти.

Жакшылык Бекназаров максат коюу, ийгиликтерге жетүүнүн сырлары, азыркы учурда окуучу болсо да, алдыда көптөгөн максаттары бар экендигин, «Керемет холдингди» кантип ачып, негиздегени жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, «Акылман интеллектуалдык оюну» өткөрүлүп, анын максаты окуучулардын интеллектуалдык жана дүйнө таанымын өнүктүрүү болду.

Мугалимдерге арналган семинарда ата-эне, мугалим, окуучу биргеликте иш алып барса жакшы жыйынтык болору, Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектебинин» инновациялык методдорун жайылтуу, лидерлик, өзүн-өзү окутуу методикасы, китеп окууга үйрөтүү, чечендик өнөргө үйрөтүү өңдүү кеңештер айтылып, ой бөлүшүлдү. Семинардын жыйынтыгында конференцияга активдүү катышкандарга сертификаттар, китептер тапшырылды.

Иш-чарага айыл өкмөт башчысы Адил Курманалиев, төрага Иманалиев Алтынбек жана иш-чараны өткөрүүгө сунуш киргизген окуу бөлүмүнүн башчысы Мамытканова Кыял демөөрчүлүк кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up