Акын, бийчи, комузчу Алина Америкадагы мектептен билим алып келет

Акын, бийчи, комузчу Алина Америкадагы мектептен билим алып келет

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районунун 1-май айылындагы 9-класстын окуучусу Шабинова Алина.
Ал ыр жазып, бийлеп, комуз чертип олимпиадаларга катышып, мектебинин атын чыгарып келет.

«4-классымда ыр жазгандар үчүн мектеп аралык сынак жарыяланып калды. Анан жазып көрөйүнчү деп «Биринчи мугалим» деген алгачкы ырымды жаздым. Ырым мугалимдерге аябай жакты. Өзүмдөн чоң атам, таякелерим, эжекелерим ыр жазышат. Бул талант мага ошол адамдардын өттү деп ойлойм. Чоң атам кесиби боюнча журналист болгондуктан макалаларын, ырларын гезиттерге чыгарып турчу. Ар кандай окуяларды, сүйүү баяндарды укканда эмнегедир жазгым келе берет. Досторумдун бири апасынан ажырап калган эле. Мен аны билген эмесмин, угуп алып аябай жаман болгом. Ошондо досумдун апасына арнап, «Гүл жана эне» деген 18 куплеттен турган эң көлөмдүү ырымды жазгам.

Көбүнчө ырларды сезимдер пайда болгондо, бактылуу мүнөттөрдө жана бут тосуулар болгондо жазам. Жөн эле отуруп жазсам супсак болуп калат. Дээрлик ырларымдын баары 5 куплеттен өйдө. Темалары: сүйүү, бакыт, эне туурасында. Жалпысынан 62 ырым кагаз бетине түшүрүлгөн. Буюрса, тайкем менен биргеликте китеп чыгарсак деген тилегибиз бар.

Кичине кезимден бери бийлегенди жакшы көрөм. Бийди апам үйрөткөн. 8-классымдан бери «Акмарал» бий тобунда бийлеп, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келебиз. Ал эми комузду 7-классымдан «Аксаамай» тобу менен биргеликте чертем. Учурда гитара черткенди үйрөнүп жатам», - дейт ал.

Алина учурда Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинде билим алууда. Мектепте кандай гана иш-чара болбосун, активдүү катышып келет. 7-классынан бери англис тили сабагынан олимпиадаларга барып, алдыңкы орундарга ээ болот.

«Өзүм ыр жазгандыктан кыргыз жана орус адабияты сабактарын жакшы көрөм.
А.Осмоновдун жана А.С.Пушкиндин ырларын сүйүп окуйм. Мен АКШнын тажрыйба алмашуучу Flex сынагына катышып, Талас облусу боюнча 200дөн ашуун окуучулардан отузунчу болуп, 3-турга өтүп кетип, документ тапшырдым. Буюрса, кийинки жылы окуумду Америкадан улантам. Келечектеги максатым — дипломат болуп, эл аралык мамилелерди чыңдоо. Тил үйрөнүүгө аябай кызыгам. Кыялым — менин ырларым эл алдына тартууланып, залкарларыбыз Ч.Айтматов, А.Осмонов сыяктуу мыкты акын, жазуучу болуу», - деп айтып берди үлгүлүү окуучу.

Алина үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

«Бакыт даамы»

Жаман менен жакшылык айкалышып,
Мен күрөштүм, бактым үчүн ат салышып.
Канча ирет куладым,кулатышты,
Чөкпөдүм, токтободум, жан алышып.

Билебиз, жашоо катаал, жашоо катуу,
Баарыбызда бар кыялдар таттуу-таттуу.
Чоңдун да, кичинин да бир каалоосу —
Бул жашоодо бакыттын даамын татуу.

Бакыттын, кызык, даамы кандай болот?
Бакытты издеп кайдан тапса болот?
Бакытты да, жоопту да издебегин,
Бакыт сага өз. келет, башка конот.

Бактылуулук жолунан жаңылбагын,
Бактылуу болгонго көнүп алгын!
Бала бойдон калсын сенин жан дүйнөң,
Тунук күлкү, нурлуу жүздү сактап калгын!

Жашоодо ак-караны, баарын көрүп,
Жамандарды жашоодон алып болуп.
Бакыт сага мээрим менен жылмаят,
Бактылуу болууга калсаң көнүп.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up