Өзгөндүн Жаңы-Айыл айылында 81 млн сомго 275 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Өзгөндүн Жаңы-Айыл айылында 81 млн сомго 275 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Билим АКИpress - Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылындагы М.Жолдошалиев атындагы мектеби бетон менен курулгандыктан, жакшы ысыбайт. 170 орунга ылайыкташкан мектепте бүгүнкү күндө 330 окуучу билим алат. Бир партада 3төн окуучу отуруп, окушат.

Учурда аталган мектептин жанына 275 орундуу 2 кабаттуу мектеп салынууда. Мектептин курулушу менен вице-премьер Дайыр Кенекеев таанышты. Мектеп директору Жыпаргүл Камбарованын айтымында, жаңы мектеп 81 млн сомго курулууда. «Жаңы мектебибиз 275 орундуу. Жалпы сметалык баасы 81 млн сомду түзөт. Жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет деп жатышат», - деди ал.

Бул мектептин эски имараты учурунда мектеп эмес, айыл өкмөттүн кеңсеси катары салынган. «Эски мектепте 7 класстык бөлмө бар, ичине 20 окуучу да батпайт. Бирок биз айласыздан, бир класска 30дан баланы батырып, окутуп жатабыз. Ар бир партада 3төн окуучу отурат. Эч кандай талаптарга жооп бербейт. Мектеп бетон менен курулгандыктан, жакшы жылыбайт. Мугалимдердин да, окуучулардын да ден-соолугуна залакасын тийгизет. Учурда 330 окуучубуз бар», - деди Ж. Камбарова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up