Өзгөндө кол өнөрчү мугалимдер тажрыйба алмашууда

Өзгөндө кол өнөрчү мугалимдер тажрыйба алмашууда

Билим АКИpress - Өзгөн шаарында мугалимдер тажрыйба алмашууда. Бул тууралуу Ош облустук чыгармачылык борбордун көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмүнүн башчысы Батма Исакова билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн шаарындагы Амур-Темур атындагы орто мектебинде кол өнөрчүлүк ийриминен берген мугалимдер чогулуп, семинар өткөрүлүүдө. Семинарга Ош облусунун бардык райондорундагы кол өнөрчүлүк ийриминин мугалимдери, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директорунун орун басары Орозгүл Сулайманова, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло Шамаматов катышты.

Семинардын жүрүшүндө ар бир райондон келген мугалимдер, Өзгөн шаарындагы мугалимдердин иш-тажрыйбасын үйрөнүп жатышат. Өзгөн шаардык балдардын чыгармачылык борборунда эмгектенген Райхонай Ковланова менен Макпуза Парпиева кызыктуу инновациялык усулдар менен түрдүү мастер-класстарды уюштурууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up