Чоң-Алайда мугалимдер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Чоң-Алайда мугалимдер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Чоң-Алай районунда мектеп мугалимдери арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун спорт инструктору Абдимамат Абдиллаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш өткөрүүнүн негизги максаты — мектеп мугалимдеринин ден соолугун чыңдоо. «Биз райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мугалимдер арасында мелдеш уюштурдук. Жалпы 17 мектептен 28 команда катышып, эркектер арасында 16 команда, аялдар арасында 12 команда күч сынашты. Жыйынтыгында эркектер арасында 1-орунду Кара-Кабак орто мектеби, 2-орунду В.И.Ленин атындагы орто мектеби, 3-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин агайлары жеңип алышты. Ал эми аялдар арасында 1-орунду Н.Кармышаков орто мектеби, 2-орунду А.Мурзакулов орто мектеби, 3-орунду Ленин орто мектебинин эжекелери ээлешти. Жеңүүчүлөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору, спорт инструкторунун өткөрмө кубогу тапшырылды», - деди А.Абдиллаев.

Волейбол оюну мындан ары тез-тез өткөрүлүп турат. Кайсы мектеп 3 жолу жеңүүчү болсо, өткөрмө кубок ошол мектепте калат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up