Келечекте ырчы болууну кыялданган Адилет мектебинин алдыңкы окуучусу

Келечекте ырчы болууну кыялданган Адилет мектебинин алдыңкы окуучусу

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын тургуну Ырыскул уулу Адилет.

Ар тараптан таланттуу, мүнөзү шайыр Адилет 2002-жылы 6-апрелде жарык дүйнөгө келип, 2008-жылы Боогачы орто мектебинин ак босогосун аттаган. Учурда Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

Мектепте кандай гана иш-чаралар болбосун, Адилет өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Келечекте ал ырчы болууну самайт. Максатына жетүү үчүн «талыкпас эмгек тоодой тоскоолдукту жеңет» деген принципке таянып, мектепте откөрүлүүчү КВН, тамашоу, концерттерде ырдап, алып баруучулук милдетти да аткарат.

Учурда чоор, аккордеон үйрөнүп, комузда кол ойнотот жана актёрдук чеберчилиги да жакшы. «Данек драм» клубу, «Кереге» ийримдеринде роль ойнойт. Кадырлап, сыйлап, ырларын сүйүп уккан Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Мирбек Атабеков, Нурмат Садыров, Нурлан Насип сыяктуу эл сүймөнчүлүгунө айланган инсан болууну каалайт. Бош убактысында чоор, комуз чертип, минус менен ырдаганды жактырат.

Маданият жаатында эле эмес, спорт жагына да кызыгуусу чоң. Боогачы орто мектебинин баскетбол оюну боюнча курама командасында ойнойт. Кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактарын берилүү менен окуйт. Классташтарынын айтымында, Адилет сабактан бардыгына позитивдүү маанай тартуулап турат. Дайыма шайыр. Ал тамашоунун күйөрманы. Ар дайым калтырбай көрөт. Жакшы ырдайт, бийлейт, кыскасы, чыгармачылыкка өтө жакын.

Жазган: Шейшенбек кызы Элизат.

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарынан окуучуларды, жаш активисттерди, мугалимдерди ыктыярчы, кабарчы катары кызматташууга чакырабыз.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up