Тиш дарыгер болууну кыялданган Абдулазис дзюдо боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алды

Тиш дарыгер болууну кыялданган Абдулазис дзюдо боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алды

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Норусбеков Абдулазис. Ал дзюдо күрөшү боюнча аябагандай көп ийгиликтерди жаратып келүүдө.

«Мен Үсөнбай Акынбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусумун. Мектепте үлгүлүү, активдүү окуучулардын катарын толуктайм. Азыркы учурда мектеп президентимин. 2012-жылы азыркы машыктыруучум Кыдыралиев Келсинбек агай күрөш залы ачылганын айтты. Анан балдар менен барып жүрдүм. Уламдан улам жага баштады. 3 ай талыкпай машыгуудан кийин, 1-июнда, балдар күнүнө карата Бишкек шаарында өткөн турнирге 35 кг салмакта күрөшүп, 3-орунду алдым. Бул менин эң биринчи ийгилигим болду. Анан Кыргызстандын бардык шаарларына барып күрөшүп, көбүнчө 1-орундарды алып келе жатам.

Олимпиадалар көбүнчө Бишкекте өтөт. 2014-жылы Чымкентте өткөн чоң турнирде 38 кг салмакта 3-орунду, 2015-жылы Алматадагы турнирдик олимпиадада 42 кг салмакта 1-орунду, 2015-жылы Өзбекстанда 46 кг салмакта 3-орунду, 2016-жылы Атырауда 46 кг салмакта 1-орунду камсыздагам.

25-январдан 28-январга чейин Бишекте Кыргызстан чемпиондугу болуп өттү. Ал жактан 66 кг салмакта күрөшүп, 1-орунду багындырдым. Азыр 31 медаль,40 диплом жана 9 кубогум бар. Март айында Анталияга турнирге, андан кийин Россияга барабыз. Азия чемпиондугуна да жолдомо алдым. «Мир» олимпиадасында күрөшкөнгө чейин талыкпай эмгек кылам. Менин ар бир жараткан ийгиликтериме бардык жактан колдоо көрсөткөн ата-энеме жана машыктыруучума ыраазылыгымды билдирем», - деп айтып берди ал.

Абдулазистин кыялы — «Мир» олимпиадасына катышуу. Келечекте ал тиш дарыгери болгусу келет. Жакшы көргөн сабактары — математика жана кыргыз тили.
Абдулазис үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up