Нарындагы спорт мектебинин окуучулары ийгиликтерди багындырууда

Нарындагы спорт мектебинин окуучулары ийгиликтерди багындырууда

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адисдештирилген олимпиадалык резервиндеги балдар спорт мектебинде 424 өспүрүмдү 17 машыктыруучу спорттун төрт түрү (балдар арасында эркин күрөш, кыздар арасында эркин күрөш, оор атлетика жана штанга көтөрүү) менен машыктырылып келет.

2017-жылдын ичинде аталган мектептин окуучулары спорттун 4 түрү боюнча мелдешке катышып, бир нече байгелүү орундарга ээ болушкан. Кара-Балта шаарындагы турнирде 4 окуучу, Ысык-Ата районунда өткөн республикалык турнирде 5 окуучу, Бишкек шаарында өткөн эл аралык турнирде 2 окуучу жеңишти камсыз кылышкан.

Казакстанда өткөн кыздар арасындагы эл аралык турнирде балбан кыздар Нурлан кызы Жаркынай 1-орунду жана Майрамбек кызы Айзада 3-орунду багындырышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up