Ат-Башыдагы Жаналы уулу Абдыракман мектебине акыркы жылдары 9,5 млн сом грант жазылган

Ат-Башыдагы Жаналы уулу Абдыракман мектебине акыркы жылдары 9,5 млн сом грант жазылган

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебине эл аралык уюмдар жана долбоолор аркылуу 9 млн 513 миң 311 сом грант жазылган.

Бул каражаттардын 900 миң сомуна 150 парта, 300 отургуч, 20 китеп текчеси, 18 мугалим үчүн отургуч, 10 доска жана ашкана үчүн 16 стол, 64 отургуч, китепканага 10 стеллаж алынган.

Экономика министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 273 миң сом бөлүнүп, мектептин чатыры жаңыртылды. 2 млн 740 миң 110 сомго мектептин терезелери желим терезелерге алмаштырылып, электромонтаж жана жарыктандыруу толук бүткөрүлдү.

70 миң сомго «Тынчтык» имаратына долбоор жазылып, проектор, техникалык окуу куралдары алынды. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк програмасынын алкагында 2 млн сомго ашкана жабдуулары алынды. Мындан тышкары, айыл өкмөт тарабынан 1 млн 300 миң сом бөлүнүп, от казанга меш салынып, трасса жана урналар жаңыртылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up