Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жамааты согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүштү

Билим АКИpress - Кызыл-Кыя педагогикалык институтунда 2018-жылдын 1-2-февраль күндөрү «Тынч, жаркын жашоо үчүн чоң аталарга таазим» атту акция уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын студенти Шохрухжон Асланов маалымдады.

Акцияга студенттер жана окутуучулар катышып, акча каражаттарын чогултушту. Чогулган акчага Кызыл-Кыя шаарындагы Улуу Ата Мекиндик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up