15 жашында тамадалыкты баштаган Тимур учурда мектептин президенти, бокс менен КВНге да жетишет

15 жашында тамадалыкты баштаган Тимур учурда мектептин президенти, бокс менен КВНге да жетишет

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы В.И.Ленин орто мектебинин 11-класстагы окуучусу Тимур Молдогазиев.

Тимур көптөгөн таланттардын ээси. Ал 3 жылдан бери тамадалык кызматты аркалап келет.

«Менин ырга болгон кызыгуум 5-классымдан башталган. Атам акын, таякелерим ырчы, обончу болгондуктан, мендеги талант ошолордон өттү деп ойлойм. Таякем Соорбек Канатов көптөгөн ырлардын, обондордун автору. Тамадалыкка өзүм кызыгып жүрчүмүн. Тойлордон тамадалырды көрүп, алардын сүйлөгөнүн карап, көнүл буруп отурчумун. Албетте, баары өзүмдүн аракетимдин аркасы менен болду. Түрдүү китептерди окуп, ырларды жаттачумун.

Эң биринчи жолу 9-классымда 50-жаш мааракесин алып баргам. Биринчи чыкканда аябай сүрдөдүм. Элдин баары мени жеп койчудай толкундангам. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин, буйрутма менен тамада болуп жүрөм.

Бакай-Атада, «Бакай-Ата KG» командасынын капитанымын. Талас жаштар КВН лигасында биздин команда 2-орунга ээ болгон. Команда менен тойлордо да ойноп жүрөбүз. Улуу байкелерибиз менен биргеликте КВНди жогорку деңгээлде өткөрсөкпү деп турабыз.

Бокс менен да машыгам. Башкаларга зыян келтирүү үчүн эмес, өзүмдү өзүм коргоо максатында машыгам. Келечекте Кыргызстанда мыкты боксчу, мыкты бокс чебери болсом дейм. Эл алдына чыгып, А.Өмүрзаковду туурап бийлеп калам.

Учурда В.И.Ленин орто мектебинин 11-класстын окуучусу жана мектеп президенти болом. Биздин мектепте Форум-Театр боюнча ийрим бар. Ар кандай театрларда ойноп, башкы ролдорду жаратам. Азыр жаңы жаш актёрлорду даярдап жатабыз», - деп айтып берди ал.

Келечекте Тимур Кыргызстанда Жанар Акаевдей белгилүү журналист болууну кыялданат. Анын Жогорку Кеңешке депутат болуп, кыргыз элине көрүнүктүү иштерди жасасамбы деген максаттары күч.

Ошондой эле, Тимур келечекте жеке бизнес ачып, бизнесмен болгусу келет. Ошону менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүнү каалайт.

Тимур үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up