Ыр жазып, обон жараткан 9-класстын окуучусу Санатбек калыстар тобунун мүчөсү болду

Ыр жазып, обон жараткан 9-класстын окуучусу Санатбек калыстар тобунун мүчөсү болду

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу 1-май айылынын таланттуу окуучусу Сайдылдаев Санатбек.
Ал ыр жазып, көркөм окуп, актёрдук чеберчилиги менен ийгилик жаратып келүүдө.

«Мен мурун шаарда окучумун. 4-класста класс жетекчибиз Тинатин эже ыр жазгандар болсо жазып көргүлө дегинен эжекеме арнап «Тинатин эже» деген алгачкы ырымды жазып, обон чыгаргам. Ырларды жөн эле жаза берчүмүн. 5-класста айылга келип окуп баштадым. Чоң атам каза болгондон кийин ырга болгон көз карашым башкача боло баштады. Ырга олуттуу карап уланта бердим. Сынактарга катышып, эне жөнүндө ырды обону менен чыгаргам. Көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жүрөм . Азыр 46 ырым бар.

Кийинчерээк көркөм окуп баштадым. Сынактарга катышып, Турар Кожомбердиевдин «Апа» деген ырын көркөм окугам. 8-класста көркөм окуу боюнча калыстар тобуна дагы отуруп калдым. Учурда калыстар тобунун мүчөсүмүн. 5-күн сайын «Манас күнү» өтүп тургандыктан, эже-агайлардын түрткү берүүсү менен Манас айтууну да өздөштүрүп келе жатам. Манас таанууга катышып, ийгилик жаратып келүүдөбүз», - деди ал.

Санатбек ошондой эле, актёрдук жактан дагы сынактарга катышат. Ал учурда Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Мугалимдердин сүймөнчүлүгүно ээ болгон, активдүү, жакшы окуган үлгүлүү окуучу. Кыргыз адабияты сабагын жакшы көрөт.
Белгилүү, таанымал, эмгеги сиңген ырчы болууну кыялданат.
Санатбек үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

«Менин айылым»
Алтынымсың, ардагымсың айылым,
Суктандырат ар бир талың, кайының.
Мага ыйык көрүнөсүң ар качан,
Кичинекей, бирок кооз айылым.

Ушул айыл, ушул жерден чоңойдум,
Балалыктын таттуу күнүн ойнодум.
Башка жакка барганымда көп өтпөй,
Сагынамын сенден кетпей ойлорум.

Бакчада мөмө-жемиш гүлдөп турат,
Момурайган балдар ойноп, шаңды курат.
Эх, айылым, эң баарынан коозсуң,
Кайда барсам элесиң көз алдымдан кетпей турат.

Олтурамын жалгыз дарак түбүндө,
Сага арнап ыр жазамын күнүгө.
Суулар агып, гүлдөр көктө жайнаган,
Кана айтчы, кандай коозсуң айылым.

Капалантпа айылымды эч бир жан,
Сага эч ким теңеле албайт, бир да жан.
Ушунчалык коозсуң сен айылым,
Өсө бергин, өркүндөй бер кереметтүү айылым.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up