Ат-башылык Байыш Абдыбеков окуучуларынын сүйүктүү агайы

Ат-башылык Байыш Абдыбеков окуучуларынын сүйүктүү агайы

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Элизат аттуу тургуну Билим АКИpress сайтына өзүнүн мектептеги сүйүктүү агайы тууралуу айтып берди.

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылын тургуну, Боогачы орто мектебинин мугалими, Эл агартуунун отличниги Абдыбеков Байыш 1977-жылы 28-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

2000-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун уюштургуч усулчу факультетин артыкчылык диплом менен бүтүрүп, магистратуралык билимин И.Арабаев атындыгы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин 2017-жылы аяктаган.

Эмгек жолу 1996-жылы Боогачы орто мектебине музыка сабагынан ийримдин жетекчиси болуп иштөө менен башталган. Ошол жылдан тарта азыркы убакка чейин үзгүлтүксүз эмгектенүүдө. Учурда аталган мектепте жаран таануу сабагынын мугалими, инновация завучу жана «Данек драм» клубунун, «Акак» бийчилер тобунун, «Кереге» иримдерине жетекчилик кылууда. Ушу менен катар мектеп парламентинин райондук координатору.

Боогачы орто мектебинин парламентине да кошкон салымы өтө зор. Жасаган эмгектеринен баса белгилей кетсек, 2014-жылы «Абдыбеков Майрек» атындагы сахна чеберчилик өнөрканасын өз демилгеси менен 4000 долларга жасатып, окуучулар үчүн ачкан. «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» дегендей, окуучулардын ар тараптан талантын ачууга аракет кылат. Областтык, райондук деңгээлде маданият жагынан ар кандай мектептер аралык таймаштарда жогоруда айтып өткөн «Данек драм» клубу, «Кереге» ийримдери аркылуу турмуштагы көйгөйлөрдү жана маңыздуу темаларды театрлаштырып коюп, элге тартуулап келет.

Б.Абдыбеков жаш өспүрүмдөр менен иштешкенди өтө жакшы көрөт. Бош убактысында көркөм чыгармаларды окуп, алдына план коюп, сценарий жазып, коньки, чана тээп эс алганды жактырат. Агайдын алган сыйлык дипломдору да жок эмес. Семинар, тренингдерге активдүү катышып, 40тан ашуун сыйлыктарды алган. Алардын бири – жаңырган жылдын 12-январь күнү «Маданият маалымат жана туризм» министрлигинин ардак грамотасын, «Устат- шакирт» борборунун сахна чеберчилик семинарынын сертификатын алган.

Жакыпбек уулу Боогачы орто мектебинин директору Абдыкапарова Идеяткан Астапаевнанын айтымында, Байыш агай мектепте мугалимдер жана окуучулар менен бирдикте көптөгөн иш-чараларды алып барат. Учурда 11 «В» классынын класс жетекчиси. Райондо 21 мектеп болсо, бардык мектептерди кыдырып зордук-зомбулук, рэкетчилик боюнча «Ыргытылган гүл» деген темада форум театрдын үстүнөн иштеди.

«Агай 2015-2016-окуу жылынан бери бизге класс жетекчилик кылууда. Мына ушул 3 жылдын аралыгында өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүп, ар бирибизди активдүүлүккө үйрөттү. Мүнөзү шайыр, сөзүнө турган, айтканын аткарган, абдан тың. Ар дайым акыл-насаат, кеңешин берип жакшы жолго үйрөтөт. Биз агай менен сыймыктанабыз», - дейт анын окуучуларынын бири агайына ыраазычылык билдирип.

Жазган: Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенти Шейшенбек кызы Элизат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up