Улуттук университеттин окутуучусу эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөнүн чемпиону болду

Улуттук университеттин окутуучусу эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөнүн чемпиону болду

Билим АКИpress - Кыргыз улуттук университетинин Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт эрежесиз уруштун «Ultimax» ММА версиясы боюнча 2018-жылдын 24-29-январь күндөрү Тбилиси шаарында болуп өткөн дүйнөлүк мелдеште чемпион болду.

Жарышка 26 мамлекеттен келген спортчулар катышты.

Бакыт Кадыров өзүнүн мындай ийгиликтерге жетишүүсүнүн себептери катары Улуттук университеттин ректоратынын, дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучуларынын, ошондой эле математика жана информатика факультетинин мугалимдер жана студенттер жамаатынын колдоосу аябай зор дем бергенин айтты.

Кадыров Бакыт эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилигинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017-жылы Баку шаарында өткөн грэплинг боюнча Азиялык оюндардын чемпиону болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up