КУУнун ректору Сауд Арабия Королдугунун элчисин кабыл алды

КУУнун ректору Сауд Арабия Королдугунун элчисин кабыл алды

Билим АКИpress - 2018-жылдын 7-февралында Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Ал-Жума мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университет менен Сауд университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотуу маселелери каралды.

Канат Садыков өзү жетектеген окуу жай жана анын эл аралык байланыштары тууралуу кыскача маалымат берип, Улуттук университет үчүн Сауд университеттери менен алака түзүү маанилүү экендигин белгиледи.

Элчи мырза Сауд университеттеринде азыркы учурда 200дөн ашуун кыргызстандык студенттер ар түрдүү багыттар боюнча билим алып жатышканын кабарлап, Сауд Арабия Королдугу менен Кыргызстандын ортосунда илим, билим жана маданият тармагында кызматташтык боюнча келишим даярдалып, ага жакын арада кол коюлары күтүлүп жатканын билдирди. Эгер бул пландар ишке ашса, Улуттук универсиет менен Сауд университеттеринин ортосунда илим жана билим тармагында кызматташтыкты орнотууга шарт түзүлөөрүн белгиледи. «Бул кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн «көпүрө» болуп берүүгө аракет кылам», - деп жыйынтыктады сөзүн Абдурахман бин Саид Ал-Жума мырза.

Жолугушууга ошондой эле Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Атаалах Аль-Анзи мырза, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутова жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Бакыт Келдибеков катышты.

Жолугушуудан кийин элчи мырза башкы имараттагы эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери менен жолугушуп, аларга Сауд Арабия Королдугу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер тууралуу айтып берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up