Ыр жазып, комуз черткен Назира математика боюнча республикалык олимпиадада ийгилик жаратты

Ыр жазып, комуз черткен Назира математика боюнча республикалык олимпиадада ийгилик жаратты

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы таланттуу, өнөрлүү, үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылынын 17 жаштагы тургуну Жалилбекова Назира. Ал математика сабагынан ийгиликтерди жаратып жатат. Ошондой эле, ыр жазып, комуз чертет.

«Математика сабагынан 5-классымдан бери Сатыбекова Айнура эжекем даярдап баштаган. Бирок өзүм олимпиадага орус тили сабагынан баргым келчү. Кийин математикага болгон кызыгуум артып, баш отум менен аракет жасай баштадым. Анын жыйынтыгында 9-классымдан бери ийгиликтерди жаратуудамын.

9-10-классымда райондук олимпиададан 1-орунду алгам. Облустук олимпиададан 1-орунду багындырып, республикага жолдомо алгам. Республикадан 5-орунду камсыздадым. Быйыл 11-класста райондук олимпиадада 3-орунду алдым. 11-класстардын арасынан 3 турдан турган сынактын баш байгесин жеңген окуучу Москвада 5 жыл бекер окуганга мүмкүнчүлүк алмак.

Райондук олимпиада онлайн түрүндө компьютер менен өттү. Андан 2-турга өткөнүм тууралуу билдирүү келген. Облустук олимпиада «Билимканада» болуп, андан 3-турга өттүм. Ал жактан өздөрүнүн сертификаттары менен сыйлашты. 3-тур Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөрүлдү. Олимпиада 1 сааттан ашык убакытка созулуп, 49 упай алдым. Андан кийин концерт коюп беришти», - дейт ал.

Учурда Назира Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Мектепте жакшы окуган, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктайт. Жакшы көргөн сабактары — математика, кыргыз тили, орус адабияты. Ал 4-классынан бери комуз чертет.

«Өзүмдүн эжем комуз черткендиктен, кызыгып катышкам. Азыр 6 күү чертем. Бош убактымда китеп окуйм, кээде отуруп ыр жазам жана күндөлүгүмө кызыктуу окуяларды жазам. Келечекте мыкты журналист болгум келет. Келечекте жакшы университетте окуп, жакшы кесиптин ээси болуп, өлкөбүзгө салымымды кошкум келет. Эң башкысы жөнөкөй болгум келет», - деп кошумчалады Назира.

Назира үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

«Кыргызым»

Кылым кезип, кырчын жолду артка таштап,
Кыйынчылык, кыйын кезең жабалактап.
Ач жырткычтай алкынган ачуу душман,
Жанды кыйнап бир топ эзди жарга такап.

Ар бир күнүң тузсуз, даамсыз тамактай,
Жүрок ооруйт, тилинип канагандай.
Угулат туш тараптан муңдуу ыйлар,
Акыйкаттын ачуу үнү чаңыргандай.

Эх, кыргызым, оор күндү баштан кечип,
Баш корголоор жер издедиң далай кезип.
Үзүлбөгөн үмүт оту дале жанып,
Жаркын жашоо келер дедиң жүрөк сезип.

Ашуу ашып, кайран жаштык, ээх, кор болду,
Азап-кайгы, муң-армандын жүгүн артып,
Кайран өмүр айласыздан соолуду,
Ошол күндөн ушул күнгө жеттик мына.

Жалындаган тозок отун жеңдик мына,
Бардык азап, кыйынчылык артта калды.
Кел кыргызым, умтулалы биз алдыга,
Ийгиликтин, кубанычтын үрөнүн сээп.

Биз жашайлы бир Кудайга шүгүр деп,
Өмүр өтсө, өтүп кетер бир заматта.
Журок соксун «КЫРГЫЗ! КЫРГЫЗ! КЫРГЫЗЫМ!» - деп.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up