Борбордук Азия университеттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны өттү

Борбордук Азия университеттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны өттү

Билим АКИpress - 8-февраль күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Борбордук Азия университеттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ассоциацияга мүчө болгон Кыргызстандагы университеттердин Орхун программасына катышуу маселеси жана өз ара кызматташууну бекемдөө, веб-сайтты жакшыртуу (www.turkunib.org), ассоциациянын үчүнчү Башкы кеңешине даярдыктар боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Борбордук Азия ЖОЖдорунун биримдигин, өз ара билим берүү усулдарын, жетишкендиктери, тажрыйба алмашуусу боюнча түзүлгөн ассоциацияга Кыргызстандан 4, Казакстандан 4, Түркиядан 5, ал эми Азербайжандан 3 университет мүчө болушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up