Кытайда билим алып жаткан ак-талаалык Калиданын максаты — Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү

Кытайда билим алып жаткан ак-талаалык Калиданын максаты — Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү

Билим АКИpress - Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү — 20 жаштагы Калида Кубанычбекова. Ал Кытайдын Шаньдун политехникалык университетинде билим алууда.

Калида аталган орто мектепте «4», «5» деген бааларга окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, алдыңкы окуучулардын катарында болгон. Окуучу кезинде Баетов айылынын сайтынын ыктыярдуу кабарчысы болуп эмгектенүү менен Германиялык DW АКАДЕМИЯсынын сертификаттарына ээ болууга жетишкен.

«Алгач барганда кыйналдым. Абасы, суусу, тамак-ашына көнө албай жүрдүм. Азыр баары жакшы. Азырынча кытай тилин үйрөнүп жатам. Бир жыл кытай тилин өздөштүрүш керек экен. Тилди билүүсүнө жараша 3-4-5-деңгээлдеги сертификат беришет жана ошонун негизинде чоң окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк алабыз. Сыртта жүрсөң үйдүн баркын билет экенсиң. Бул жакка келүүмө бир топ каражат сарпталды», - дейт Калида.

Калида үй оокаттарына тың. Буга чейин журналистика тармагына кызыгып келсе, кийинчерээк туризм тармагына кызыгуусу артып, келечекте Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылат. Андан сырткары, Калида кабинетте отуруп иштөөнү жактыра бербейт. Ал коомду аралап, ар дайым эл менен бирге иш жүргүзүүнү жактырат.

«Азырынча турмушка чыгууну ойлоно элекмин. Убакыт сааты келгенде турмуш курам. Өкүнүчтүүсү, учурда айрым кыздар чет өлкөнүнүн жарандарынын акчасына кызыгып, ошолорго турмушка чыгып кетип жатышат. Мен өзүбүздүн жоо жүрөк кыргыздын жигитине гана турмушка чыгам. Азырынча билим алышым керек», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up