Эсептөө палатасы: Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинде 6,4 млн сомду максатсыз пайдаланышкан

Эсептөө палатасы: Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинде 6,4 млн сомду максатсыз пайдаланышкан

Билим АКИpress - Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга карата Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинде жана анын ведомстволук уюмдарда бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө 6,4 млн сомдук каржы бузуулар аныкталган.

Анын ичинен эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 млн сомду, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу 0,8 млн сомду, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу 0,1 млн сомду, бюджеттик жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу 1,4 млн сомду, дебитордук жана ашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар 0,8 млн сомду түзгөн.

Каржы бузуулардын жалпы суммасынын ичинен 4,5 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Азыркы кезде 3,2 млн сом калыбына келтирилди.

Эмгек акыны негизсиз төлөө төмөнкү кесиптик лицейлерде аныкталды: №2, 4, 10, 20, 37, 39, 43, 53, 72, 76, 77, 85, 99, 106 жана Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинде. Ошол эле убакытта 17 кесиптик лицейде иш сападагы чыгымдарды ашык төлөө аныкталды.

«Салык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен, 16 кесиптик лицейлер тарабынан ижара акысынын 30%ы бюджетке чегерилген эмес.

Мындан сырткары, 7,7 млн сомго резервдер жана бюджеттин жоготуусу аныкталган, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 5,5 млн сом, бюджеттик каражаттарды ашыкча каржылоо – 1,1 млн сом, эмгек акыны төлөөдө бузуулар – 0,1 млн сом, башка бузуулар – 1,0 млн сом. 7,7 млн сомдун ичинен 2,1 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен 1,1 млн. сом ордуна келтирилди.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин жетекчилигине аныкталган бузууларды жана иштеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү жана аларга андан ары жол бербөө боюнча жазма буйрук берилди.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up