Улуттук университетте акын-жазуучулар менен студенттердин жолугушуусу өттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 13-февралда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган акын-жазуучулардын студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

Эл аралык эне тил күнү 1999-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланып, тил жана маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү үчүн жыл сайын 21-февралда белгиленет.

Бул дата 1952-жылдын 21-февралында азыркы Бангладештин борбору Даккада болуп өткөн окуяларды эскерүү иретинде тандалып алынган. Анда өз эне тили – бенгали тилин коргоо үчүн демонстрацияга чыккан студенттер полициянын окторунан каза болгон.

Тил — дүйнөлүк маданий мурасты сактоонун жана өнүктүрүүнүн күчтүү аспабы болуп эсептелет. Эне тилин жайылтуу боюнча ишмердүүлүк лингвистикалык эле эмес, маданий көп түрдүүлүккө жардам бербестен, бүткүл дүйнөдөгү тилдерди жана маданий салттарды тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Эне тили адам баласынын жашоодогу багытына, анын ордуна уникалдуу таасир берет жана тирүү мурас болуп эсептелет, ага биз олуттуу мамиле кылып, өркүндөтүүбүз керек.

Бул жолугушууда атактуу акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, ата мекендик жана эл аралык сынактардын, сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология жана журналистика факультеттеринин таланттуу студенттери менен профессордук-окутуучулар курамы бетме-бет пикир алышууга, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алат. Кыргызпатенттин адистери ведомство тарабынан жаштар чыгармачылыгына көрсөтүлүп жаткан колдоо, автордук жана чектеш укуктарды коргоо жөнүндө айтып берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up