Келечекте милиционер болууну кыялданган Мадина тогуз коргоол боюнча өлкөнүн чемпиондугун багындырган

Келечекте милиционер болууну кыялданган Мадина тогуз коргоол боюнча өлкөнүн чемпиондугун багындырган

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Рустамова Мадина. Ал тогуз коргоол боюнча Республика чемпиону болууга жетишти.

«Мен тогуз коргоолду математика сабагын окуткан Шаршенбек кызы Нурия эжеден үйрөнгөм. Ошондон баштап кызыгып, өздөштүрүп, 5-классымдан бери ойноп келе жатам. 8-классымдан тарта алгачкы ийгиликтеримди жарата баштадым. Эң алгачкы жолу зоналык, райондук, облустук спартакиадада 1-орунду кыздар командасы багындырганбыз. Андан соң 9-класста республикага чейин барып, орун албай калганбыз. Былтыр биринчи жолу Талас облусунун кыздар командасы, республикадан 1-орунду алып, алтын медалды багындырдык.

Быйыл спартакиада баштала элек. Бирок жакшы ийгиликтерди жаратабыз деп турабыз. Талас облусунда дагы байма-бай чемпионаттар өткөрүлүп турат. Ал жактан дагы ийгиликтерди жаратуудамын.

10-классымдан бери кыргыз тили сабагы боюнча Адылбекова Нурила эженин даярдоосу менен олимпиадага барып жатам. 10-классымда облуска барып, 2-орун алгам. Быйыл дагы райондон 1-орунду ээлеп, азыркы учурда облустук турга даярданып жатам», - дейт ал.

Учурда Мадина Досмамбет Батырбашиев Чалдовар мектеп-гимназиясынын 11-классында билим алууда. Мектепте жакшы окуган, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктайт. Ошондой эле, волейбол менен да машыгат. Азыр райондук спартакиадага даярданып жатышат.

«Буюрса, тогуз коргоол жана кыргыз тили боюнча жакшы жыйынтык көрсөтүп, мектебимдин атын чыгарсам дейм. Бош убактымда китеп окуйм. Келечекте Кыргызстанга адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты орноткон милиция кызматкери болгум келет», - деп кошумсалады.

Мадинанын максаты — алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алып, ИИМдин Академиясында билим алуу.

Мадина үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up