Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 6-класстын окуучулары билимин сынашты

Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 6-класстын окуучулары билимин сынашты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучусу Мукай уулу Кубан 6-класстын эркек балдары арасында «Акыл ордо» таймашын өткөрдү. Сынактын негизги максаты — балдардын билим алууга кайдыгерлигин жоюп, окууга көңүлүн буруу.

Окуучулардын билим деңгээлин «Аралаш суроо», «А» тамгасы, «Улуу инсандар», «География», «Кыргыз тили», «Макал-лакаптар», «Чыгармалар», «Тарых» жана «Логикалык суроо» категориялары аркылуу сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Абдымалик уулу Акжол жана 2-орунду Шаймааранов Нуржигит ээлешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up