Кыргызстандагы бала бакчалардын иштөө убактысы кандай?

Кыргызстандагы бала бакчалардын иштөө убактысы кандай?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги Билим АКИpress сайтынын окурманынын Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын иштөө убактысы тууралуу суроосуна жооп берди.

Министрликтен мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын иштөө убактысы 5 күндүк иш жумалыгында 3 (кыска мөөнөттө болуу), 10 жана 24 саатты түзөрүн айтышты. «Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын көпчүлүгү 10 сааттык, алар 8:00дөн 18:00гө чейин иштешет», - дешти алар.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Галина Безродняя Билим АКИpress сайтына маалымдагандай, калаадагы муниципалдык бала бакчалар саат 7:30дан 18:30га чейин иштешет. «Нөөмөтчү тарбиячылар болбойт», - дейт ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up