Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы КМКТАУда да өттү

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы КМКТАУда да өттү

Билим АКИpress - 2018-жылдын 5-февралынан 10-февралга чейин Бишкекте Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мектеп окуучуларынын Илим жана техника жумалыгы өттү.

Аталган жумалык Билим берүү жана илим министирлиги менен республикалык балдардын «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган. Иш-чара аймактардагы шыктуу балдарды аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Жумалыктын алкагында республикалык балдардын «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясынын окуучулары Кыргыз мамлекеттик курулуш, техника жана архитектура университетине барышып, аларга кеңири экскурсия уюштурулуп, толук маалымат алуу үчүн лабраториялык жана билим берүү борборлорун, башкы окуу имаратындагы галереяны кыдыруу учурунда университеттин илимий-изилдөө потенциялы менен тааныша алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up