Кесипке багыт берүү иш-чаралары Ноокен районундагы жана Майлуу-Суу шаарындагы мектептерде уюштурулду

Кесипке багыт берүү иш-чаралары Ноокен районундагы жана Майлуу-Суу шаарындагы мектептерде уюштурулду

Билим АКИpress - Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн туура кесип тандоосуна көмөктөшүп, багыт берүү максатында ОшМУнун «Адис» окуу борборунун директору Кумар Рамашов баштаган топ 5-февралдан 11-февралга чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында жайгашкан 15 мектепте жолугушууларды өткөрдү.

Алар бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңештерин айтып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, маалыматтар менен бөлүшүп, алдын ала ЖРТга тестирлөө жүргүзүп кайтышты.

Бүтүрүүчүлөр жаз айында ОшМУда болуучу «Билим майрамына» катышып, университетке саякат жасап, окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык база менен жакындан таанышууга чакырылды.

Иш-чара учурунда 2000ден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине ОшМУнун студенттик «Нур» гезити жана маалыматтык китепчелер, кошумча материалдар таркатылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up