«Жоокер ыры-2018» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (аты-жөнү, фото)

«Жоокер ыры-2018» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (аты-жөнү, фото)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында «Жоокер ыры — 2018» сынагынын тандоо туру болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Жалпысынан сынакка 28 мектептен 42 окуучу катышып, жеңүүчүлөр 2 номинация боюнча аныталды: «Согуш жылдарындагы ырлар», «Патриоттуулук ыры».

Калыстар тобунун өкүлдөрү И.Арабаев атындагы КМУнун педагогдору, ошондой эле мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери болушту.

Сынактын жыйынтыгында «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясында 1-орунду Зарина Кылычбекова (Ленин районунун балдар чыгармачылык борбору), 2-орунду Али Юсубов (№19 орто мектеби) жана 3-орунду Алтынай Орозбекова (№51 мектеп-гимназиясы) ээлешти. Ал эми «Патриоттуулук ыры» номинациясында 1-орунду Майрамбек уулу Ырыскелди (№69 мектеп-гимназиясы), 2-орунду Ранеля Токторова (№56 орто мектеби) жана 3-орунду Евгения Басалько (№32 орто мектеби) алышты.

Уюштуруучулар сынактын максаты — окуучуларды музыкалык-поэтикалык чыгармачылыктын үлгүсүндө руханий-ыймандуулука, жарандык-патриоттуулукка жана көркөм-эстетикалык тарбиялоо экенин белгилешет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up