Кочкорлук окуучу англис тилинде эссе жазып, облустук сынактын жеңүүчүсү болду

Кочкорлук окуучу англис тилинде эссе жазып, облустук сынактын жеңүүчүсү болду

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Асыранбек Маткеримов атындагы орто мектебинин окуучусу Гүлжаз Дайырбекова англис тилинен эссе жазуу боюнча облустук сынактан 1-орунду багындырды. Сынак «Агахан» фондунун демилгеси менен уюштурулган. Долбоорлор менен иштеген облустагы мектептердин арасында жыл сайын сынактар өткөрүлүп турат.

Гүлжаз учурда 7-класста окуйт. Ал сынакта 30 мектептеги 7-8-9-10-класстардагы окуучулардын арасынан эң мыктысы болду.

Гүлжаз мектепте алдыңкы окуучулардын бири. Математика жана англис тили сабактарына кызыгат. Ошондой эле, бош убактысында спорт менен машыгат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up