Кытайда акысыз билим алып жаткан Бактыгүл: Кытайлык окуучулар Кыргызстанды бейиш деп ойлошот

Кытайда акысыз билим алып жаткан Бактыгүл: Кытайлык окуучулар Кыргызстанды бейиш деп ойлошот — Билим АКИpress

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын 20 жаштагы тургуну Майрамбекова Бактыгүл. Ал Кытайдан акысыз билим алып жаткан жаштардын биринчи сабында турат.

Бактыгүл 4 тилде эркин сүйлөйт жана азыркы учурда корей тилин үйрөнүп жатат.

«Менин максатым — Кытайдан алган тажрыйбамды Кыргызстанда колдонуп, өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошуу», - дейт ал.

Бактыгүл кичинесинен чет өлкөдө билим алууну эңсечү. Мектепти аяктап жаткан кезде «Феникс» эл аралык окуу борборунун Кытайда окуу боюнча грант жарыялап жатканын угуп, ага катышкан. Талыкпаган эмгектин, күчтүү эрктин, билимге болгон сүйүүнүн аркасында ал Кытайда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алган. Учурда ал Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарындагы Чжецзян университетинде экономика жана финансы факультетинде билим алууда.

«Мен Кытайга барам дегенде апам каршы болгон. Бирок окуу борбор тууралуу ата-энеме түшүндүрүп, алардын макулдугун алып, сынакка катышкам. Сынактан Кытайга бюджетке өтүп кеттим. Мени окуткан мугалимдериме, тарбиялап-өстүргөн ата-энеме, «Феникс» окуу борборунун жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдирем.

Биринчи жолу чет өлкөгө барганда кыйналгам. Эң жөнөкөй тамактарына көнүп кетүү оор болду. «Адам баарына көнөт» демекчи, азыр эс алууда Кыргызстанда жүрөм, ал жактын тамактарын сагындым (күлүп). Кытайлардан көп нерселерди үйрөндүм. Ал мамлекеттин жарандары абдан маданияттуу, мыйзамга баш ийип, ар бир эрежени так аткарышат жана динге өзгөчө мамиле жасашат экен. Ушул тарабынан биз үлгү алсак болчудай. Биз мусулман болгондуктан алар бизге тооктун этин (адал тамактарды) сунушташып, түшүнбөгөн нерселерден жардам беришти. Алар абдан меймандос, мээнеткеч, мээримдүү жана ынтымактуу болушат экен.

Кытайдан чет өлкөлүк көп досторду таптым. Айылдарындагы мектептерге барып, өзүбүздүн мамлекетибиз тууралуу айтууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Мен Кыргызстан тууралуу айтып бергенде, мектептин окуучулары Кыргызстанды бейиш деп ойлоп калышты. Кытайдан алган билимимди өз өлкөмдө колдонуп, өлкөмдүн өсүүсүнө салым кошкум келет.

Келечек муунга кеңешим: ар дайым китеп окугула, тил үйрөнгүлө, ар кандай онлайн иш-чараларга, сынактарга катышып, өзүңөрдү сынагыла. Билим алууга эч качан кеч эмес», - деп айтып берди Бактыгүл.

Жазган: К.Чекиров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зуура Байызбекова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up