Кыргызстан боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстан боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Билим АКИpress - Бүгүн, 15-февралда Кыргызстан боюнча абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Жазылуу 6-апрелге чейин созулат. Тестирлөө 14-майдан 19-майга чейинки убакка пландалган. Бул тууралуу 14-февралда Бишкектеги маалымат жыйында мектепке чейинки, мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалагандардын баары сөзсүз түрдө негизги тестти жана тандаган адистиги боюнча предметтик тесттерди: химия, биология, физика, тарых, математика жана англис тилинен тапшыруусу керек. Негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы 320 сомду түзөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору абитуриенттерге алдын ала предметтик тестти тандап алуу жана даярдануу үчүн бардык предметтен тест бербөөнү сунуштайт. Багыттар менен адистиктердин жана аларга тиешелүү предметтик тесттердин тизмесин бул жерден көчүрүп алууга болот: Тизме (621,63kb).

Тестирлөөгө окуучу өзү окуган жерден катталууга болот. Ал эми буга чейинки бүтүрүүчүлөр жашаган жериндеги билим берүү бөлүмдөрүнөн каттала алышат. Аталган борбордун сайтынан тест тапшыруу күндөрүн билип, зарыл болгон документтердин тизмеси менен таанышууга болот. 16 жаштан өткөн абитуриентке сөзсүз түрдө паспорт керектелет, ал эми 16 жашка толо электер мектептен сүрөтү чапталган маалымдама алып келиши кажет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар сөзсүз талап кылат. Негизги тест боюнча босого балл — 110, предметтик тест боюнча — 60 упайды түзөт.

2018-жылы Кыргызстанда 11-классты 62 миң окуучу бүтүрөт.

ЖРТга катталуу. Каттоо формасын толтуруу боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кеңештер.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up