Кош-Дөбө айылындагы мектепте бий сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кош-Дөбө айылындагы мектепте бий сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде 8-9-класстын окуучулары арасында «Кел, бийле!» бий сынагы өттү. Иш-чаранын максаты — окуучулардын ар кандай өнөр-шыгын ойготуу жана таланттарын эл алдына алып чыгуу.

Сынакты мектептеги кыздар уюмунун жетекчиси Жээнтаева Айнура уюштуруп, анда 3 тапшырма берилди:

1-тапшырма — кыргыз бийи;
2-тапшырма — заманбап бий
3-тапшырма — башка улуттун бийин көрсөтүп берүү.

Калыстар тобунун курамына директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Капарова Айгүл, кыздар уюмунун жетекчиси Жээнтаева Айнура, мектептеги парламент жетекчиси Жаңыбай кызы Аида кирди. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду 8-«А» классынын кыздары, 2-орунду 9-«А» классынын кыздары жана 3-орунду 8-«Б» класстын кыздары ээлешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up