Кочкордогу бала бакчага 2 млн сомго жабдыктар келди (фото)

Кочкордогу бала бакчага 2 млн сомго жабдыктар келди (фото)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Комсомол айылындагы «Баластан нуру» бала бакчасына Дүйнөлүк банктын «Билим берүүдөгү глобалдуу өнөктөштүк» долбоорунун алкагында 2 миллион сомго оюнчук, оюн аянтчасына керектүү жабдыктар, столдор жана отургучтар келди. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Перизат Багышова маалымдады.

Буга чейин балдар ойноочу бөлмө оюн аянтчасы менен кошо курулуп, тарбиялануучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эми оюн аянтчасы заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен жасалгаланды. Ошондой эле, бөлмө стол, жана отургучтар менен камсыз болду.

«Даярдоо тобу жана тарбиячылар үчүн көрсөтмө куралдар жетиштүү санда берилген. Бизде «Балалык» программасы боюнча 480 сааттык окуудан өтүп, сертификатка ээ болгон Перизат Талантбек кызы, Ильич кызы Эльнура балдарга татыктуу тарбия беришүүдө», - Перизат Багышова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up