Мектеп директорлорун ротациялоо мүмкүн эмес, - Билим берүү министрлиги

Мектеп директорлорун ротациялоо мүмкүн эмес, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун алардын макулдугусуз ротациялай албайт. Бул тууралуу 2018-жылдын 15-февралында Билим АКИpress сайтына аталган ведомстводон билдиришти.

«Кыргызстандын мыйзамына ылайык, мектеп директорлору мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Ошондукатан аларды кызматка дайындоо, которуу жана бошотуу Эмгек кодексинин алкагында ишке ашырылат. Тактап айтканда, мектеп директорунун макулдугусуз аны башка жумушка которо алышпайт», - дешти министрликтен.

Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, 2014-жылдан бери меткеп директорлору менен өкмөт трабынан 5 жылдык мөөнөткө бекитилген «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө» жобого ылайык эмгек келишими түзүлөт.

Бирок, аталган документ 2014-жылга чейин дайындалган жетекчилерге гана тиешелүү экен, анткени белгисиз мөөнөткө түзүлгөн КРнын Эмгек кодексине ылайык, ал кызматкердин макулдугусуз кайра белгилүү бир мөөнөткө түзүлө албайт.

Министрликтен ведомство учурда меткептерди аккредитациялоо системасын киргизип жатканын белгилеп өтүштү. Ал өзүнө мектеп директорлорунун ишмердүүлүгүнүн баасын камтыйт.

Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы мектеп директорлорун ротациялоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөрүп келишет. Билим берүүнүн мурунку министри Канат Садыков да мектеп директорлору 5 жыл сайын алмашып турушу керектигин айткан. Бирок ал 2014-жылы депутаттарга берген бул убадасын иш жүзүнө ашырга алган жок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up