Нарын университети менен Түркиянын Кастамону университети кызматташуусун улантат

Нарын университети менен Түркиянын Кастамону университети кызматташуусун улантат

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Өмүралиева 6-8-февралда Түркияда кызматтык иш сапар менен болуп кайтты. Бул тууралуу проректор Азисбек Чолпонбаев билдирди.

Бул сапарда Нарын университети менен Түркиянын Кастамону университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында төмөнкүдөй бир катар маанилүү иш-чараларды аткаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү:

- Кызматташуунун алкагында Нарын университетинде Кыргыз-Түрк факультетин ачуу;

- Факультеттин алкагында ветеринария, экономика, компьютердик технологиялар, түрк тили сыяктуу заманбап адистиктерди уюштуруу;

- Студенттер жана окутуучулар боюнча алмашуу программаларын ишке ашыруу,

- Нарын университетинде заманбап ветеринардык клиника ачуу.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүү багытында конкреттүү иш-чаралардын планы түзүлдү. Бул максаттардын ишке ашырылышы аймактык Нарын университети үчүн гана эмес, жалпы эле Нарын жергеси үчүн орчундуу салым кошору шексиз.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up