Мурунку президент А.Атамбаевдин колунан сыйлык алган Заир Россияда акысыз билим алууда (фото)

Мурунку президент А.Атамбаевдин колунан сыйлык алган Заир Россияда акысыз билим алууда (фото)

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын 24 жаштагы тургуну Коңурбаев Заир Алмасбекович. Ал Россиянын Жогорку Экономика мектебинде магистратурада акысыз билим алып жатат.

«1-класстан 11-класска чейин Талас шаарындагы №5 орто мектибинде окуп, 2012-жылы аяктадым. Мектепти бүтүргөн соң, кайсы окуу жайга тапшырам деп катуу ойлондум. Өзүмө юриспруденция, экономика тармагы жакын болчу. Мектепте окуп жүргөн кезде эле адам жана коом сабагынан олимпиадаларга ийгиликтүү катышып жүрдүм. Башкача айтканда, өзүмдү келечекте юрист катары көрүп, даярдык көрдүм.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын башкаруу жана укук факультетинин салык жана салык салуу адистигине тапшырдым. Студент кезде жетишкендиктерим жана коомдук иштерге активдүү катышканым үчүн 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы менен сыйлангам. Бул — алган сыйлыктарымдын «фаворити» десем болот. Кылган мээнетимди өлкө башчысы баалап, сыйлык тапшырып жатса, абдан кубанычтуу сезимдер болот экен.

Бүгүнкү күндө Ардак грамота, диплом, сертификат, мактоо баракчаларымдын саны 60-70ке жакындап калды, 1-даражадагы дипломдорум көп. Аларды эл аралык, республикалык, жогорку окуу жайлар аралык конференция, тегерек столдордо алгам. Алган сыйлыктарымдын баары мен үчүн сыймыктанчу нерсе жана кылган ишимдин көрсөткүчү деп билем. Грамота, диплом, сертификат — баары мен үчүн бирдей. Анткени алар менин мээнетимдин артынан келип отурат. Сыйлык алганда стимул аласың, кылган ишиңди мындан дагы жакшы кылсам экен деп каласың. Сыйлыктарымдын арасында окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктерим үчүн «Азамат» төш белгиси дагы бар. Андан тышкары, ноутбук, кол телефон, акчалай сыйлыктар дагы болду.

Азыркы учурда Россиянын Жогорку Экономика мектебинде магистратурада 2-курста окуйм. Окууну бүткөндө чет өлкөгө магистратурага тапшырам деген ой, негизи, жок болчу. Бирок магистрдик даража алуу керектигин түшүнчүмүн. Окууну аяктарыма аз убакыт калганда Россияда окуган досум Жогорку Экономика мектеби магистратурага кабыл алып жатканын жана документтеримди тапшырып көрүшүмдү айтып калды. Окуу жайдын сайтына кирсем, кабыл алуунун акыркы күнү экен. Документтерди чогултуп, анкета толтуруп, эссе жазып жөнөттүм. Буйрук экен, азыр КМШ аймыгында эле эмес, Бүткүл Европадагы күчтүү университтердин катарына кирген окуу жайда бюджеттик орунда окуп жатам.

Эки жактын окуу программасы боюнча айта кетсем, Кыргызстандын окуу процессинде айрым гана окуу жайлар инновациялык техникаларды колдонбосо, көпчүлүгүндө андай мүмкүнчүлүк жок. Бул жакта окуу процесси 100% электрондоштурулган. Мисалы: электрондук китепкана, электрондук сынак китепче, үй тапшырмалары үчүн электрондук портал жана башка. Мага бул жакта жаккан нерсе — студент берилген дисциплиналардын ичинен өзүнө жаккан, кийин өзүнө чын эле керек боло турган курстарды эле тандап, ошол курстарды өздөштүрүшөт. Бул абдан жакшы жыйынтык берет экен. Дагы байкагыным — студенттердин өз алдынча онлайн курстарды өздөштүрүүсү. Бул нерсе студентти өз алдынчылыкка үйрөтөт жана өзү кызыккан курсту мыкты өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Эң негизгиси, бул жакта студент кандай иш жасабасын, анын баары антиплагиат системасында текшерилет. Жөнөкөй үй тапшырмадан баштан, курстук иш, дипломдук иш, диссертацияларга чейин. Бул дагы студенттин ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө абдан жакшы инструмент боло алат.

Эгер Кыргызстанга дагы ушундай жөнөкөй системаларды киргизсек, менимче, Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты дагы өсөт болуш керек. Кудай буйруса, окууну ийгиликтүү бүтүп, диссертациямды жактагандан кийин, сөзсүз өз мекениме кызмат кылам. Бул жактан алган билимимди мекенимдин гүлдөп-өсүшүнө 100% жумшайм. Кыргызстаныма керектүү уул болсом экен дейм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, таянар тоом атама жана алтындай апама ыраазычылык билдиргим келет. Аларга чоң рахмат! Алардын колдоосу менен бизди ийгилик коштоп жатат. Мен алган сыйлыктарымдын баарын ата-энеме арнайм», - деди өз сөзүндө Заир.

Заир үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова.

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up