Нарында жардамга муктаж 79 балага 19,6 миң сом берилди

Билим АКИpress - Нарын шаарында эмгек жана соиалдык өнүгүү башкармалыгында турган 18 жашка чейинки жана бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмеси такталып, жашоо шарты изилденип, турмушу начар 79 балага өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Алардын муктаждыктарына жараша шаардык мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп турат. Балдардын бош убактыларын көңүлдүү өткөрүү максатында алардын катышуусу менен маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен сыйлоо колго алынган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up