Таластык Айгерим 9-класс кезинде 11-класстын атынан республикалык олимпиадага катышкан

Таластык Айгерим 9-класс кезинде 11-класстын атынан республикалык олимпиадага катышкан

Билим АКИpressөлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Мырсыраимова Айгерим. Ал предметтик олимпиадалардан ийгиликтерди жаратып келүүдө.

«Мага информатика сабагы абдан жагат. Себеби компьютер менен иштеп, логикалык жөндөмдүүлүктү өстүрүүчү кызыктуу сабак. Анан олимпиадаларга барып баштадым. Алгачкы жолу барганда орунга илине алган жокмун. Кийинки жылдары орун ала баштадым.

9-класста май айында КМКТАУда информатика сабагы боюнча республикалык чемпионат болгон. Райондук жана облустук олимпиадалардын 1-орунду алып, Талас облусунун атынан республикалык олимпиадага бардым. Ал жактан жалаң олимпиада 11-класстар үчүн экендигин айтышты. Катышканыбыз үчүн грамота менен сыйлашкан. Былтыр райондук олимпиадада 3-орунду алдым.

Ал эми быйыл өзүмдү орус тили сабагынан сынап көрүүнү чечтим. Биринчи 6 мектеп ортосунда зона болду. Ал жактан 1-орунду алып, райондук олимпиададан дагы 1-орунду ээледим. Азыр облустук олимпиадага даярданып жатам», - дейт ал.

Учурда Айгерим Султаналы уулу Кушубак орто мектебинин 11-классында окуйт. 1-классынан бери жалаң «5» деген баага окуп, ар кандай ынактарга байма-бай катышып келет. Жыл сайын жакшы окугандыгы үчүн мектептин демөөрчүлөрүнөн стипендия менен грамота алып турат. Жакшы көргөн сабактары – математика, информатика, орус адабияты жана англис тили.

Келечекте Айгерим финансист болууну кыялданат. Анын максаты – мектепти ийгиликтүү аяктап, үлгүлүү адамдардын катарын толуктап, ата-энесинин ишеничин актагысы келет.

Айгерим үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Жазган: Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алия Токтогонова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up